Menu

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин банк кутучасында сакталган акча 2017-жылдагы президенттик шайлоого арналганы айтылды

Бөлүшүү:

Тогуз жылга эркинен ажыратылган экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банк кутучасынан табылган акча кимге таандык экендигин айтты. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 1 миллион доллардын 300 миң доллары анын досуна, ал эми 700 миң доллары президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт штабынын каражаты болгон.  Ал акча каражаты 2017-жылда шайлоо кампаниясында күтүүсүз кырдаалда керектелмек. Бул акчага Зилалиевдин эч тиешеси жок.

“Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиев акча ага таандык эместигин айткан. Көпчүлүк адамдар акча кармалган күнү табылган деп ойлошот. Бул андай эмес. Бул каражаттар Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштеринин кошумча чыгымдарына жумшалышы керек болчу, натыйжада алар мурунку мамлекет башчынын штабына которулган. Алар бизнес-структуралардын өкүлдөрүнөн алынган, бирок ал алардын аттарын атоодон баш тартат” – дейт адвокат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2010-2017-жылдары Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козголгон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган экен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: