КТРКнын Байкоочу кеңеши телерадио корпорациясынын башкы директорлугуна ачык сынак жарыялады.
Кызмат ордуна талапкердин жогорку билими, мамлекеттик тилди эркин билүүсү (расмий тилди, англис тилин жана башкаларды билүү артыкчылыктуу), беш жылдан кем эмес практикалык жетекчилик иш тажрыйбасына ээ болушу, телекөрсөтүү жана радионун принциптерин, ошондой эле коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билиши керек экендиги белгиленди.
Талапкер КТРКнын башкы директору болуп шайланып калса, коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат орундарын ээлей албайт, ошондой эле партиялык уюмдардагы мүчөлүгүн токтото турушу керек.
Эскерте кетсек, 6-октябрда Жайнак Үсөн уулу кызматтан кеткен. Байкоочу кеңеш өзүнүн мүчөсү Жылдыз Бакашованы башкы директордун милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ал эми азыркы учурда директордун милдетин убактылуу аткаруучу Бактияр Алиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ