Menu

Садыр Жапаров экономиканы кантип көтөрүүнү көздөп жаткандыгын айтып берди

Бөлүшүү:

“Биздин өлкөдөгү коомдук саясий кырдаалдын толук турушкандыгын билдирем. Буга чейин болуп өткөн 2 жолку революцияда мамлекетибиз бbр топ убакытка чейин укуктук талаага кирбей калгандыгы эч кимге жашыруун эмес. Бул жолкуда бардык бийлик бутактары биздин өлкөдө мыйзамдуулуктун үстөмдүгү бар экендигин көрсөтүп, укуктук-конституциялык талаага кыска аралыктын ичинде кайтып келди” – деп билдирди бүгүн, 29-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында.

Ал өлкөдөгү бийликти өткөрүп берүү процедурасы конституциялык ченемдерге ылайык тынч өткөнүн баса белгилеп, бул деген Кыргызстанда саясий аң-сезимдин өскөндүгүн, саясий маданият калыптанганын далилдей турганын айтты.

Анын айтымында, анын ишинин негизги багыттары – өлкөнүн бүтүндүгү жана тынчтыгы, экономиканын жана бюджеттин өсүшү.

“30 жылдан бери системалык коррупцияга каршы күрөш өтө оор болуп келген. Конституцияны жана мамлекеттик башкаруу тутумунда реформа жүргүзгөндөн кийин гана жоё албасак, өтө татаал экен. Бирок, колдон келген аракетибизди жасап жатабыз.”, – деди ал.

“Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири кредиттер алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, бизде болсо энергобарондор болуп жатат. Биздин жасаган билдирүүбүзгө 15 күндөн ашып калды, Энорголдинг коррупцияны жоюу боюнча бир да иш-аракет жасаган жок. Текшерүүлөр болот. Мурдагыга көз жумсак да, бийлик алмашкан убакыттан тарта өтө катуу жооп берип каласыздар” – деди өкмөт башчы.

Садыр Жапаров өлкөдө бир топ алгылыктуу иштер аткарылганын белгилеп,  кырдаалды жакшыртуу үчүн бардыгы коррупция менен күрөшүшү керектигин кошумчалады. Ошол эле учурда, бюрократия менен күрөшүү керектигин белгиледи.

“Тармактардагы чечилбеген көйгөйлөр чечилиши керек. Аны чечүүнүн 2 жолу бар: же мыйзам керек, же каражат керек. Мыйзамдарды силер үчүн бирөө жазбайт, ошондуктан сунуштарды киргизип, бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар болсо карап чыгыңыздар. Сунуштар айлап, жылдап жатат экен. Бюрократияны токтотуш керек. Сунуштарга 14 күндүн ичинде жооп берип, бир чечимге келишибиз керек. Ал эми каражат түшүп туруу үчүн туура мыйзамдарды кабыл алуубуз керек”, – деди ал.

“Азыр экономиканы жана бааларды турукташтыруу маанилүү. Ал үчүн реформаларга баруу керек. Бүгүнкү жыйынга кыска мөөнөттүү планды киргиздик. Планга 47 иш-чара кирди. Анын 11и укуктук ченемдик документтер, калганы практикалык иштер” – деп билдирди премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: