Menu

Фото – Курал колдонуу менен ээнбаштыкка шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы курал колдонуу менен ээнбаштыкка шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгы уюшкан кылмыштуулук көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү, кылмыштарды алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Жакында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери куралды мыйзамсыз алуу,  колдонуу менен ээнбаштыкка шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан.

Ошондой эле алар коомдук тартипти камсыздоо милдетин аткарып жаткан бийликтин өкүлүнө каршылык көрсөтүүгө байланышкан ээнбаштыкка шектелүүдө.

Эки криминалдык топтун мүчөлөрү бири-бири менен  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында ушул жылдын октябрь айында ок атышуу менен чыр чыгарышкан.

Бул окуя боюнча айрым маалыматтык агенттиктерде 8-октябрь күнү Сузак районунда кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн арасында ок атышуу менен коштолгон чыр-чатак чыккандыгы маалымдалган.

Окуя тууралуу маалымат милицияга түшүп,  укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкендиги дагы айтылган. Мындай көрүнүш ушул жылдын август айында дагы катталгандыгы маалым болгон.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 4 ээнбаштык фактысы менен куралды мыйзамсыз алып жүрүү фактысы катталып, Сузак РИИБи сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Алдын ала болжолдуу маалымат боюнча кылмыштуу топтордун ортосундагы чыр-чатак бири бирине болгон пикир келишпестиктен чыккан. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча эки топтун мүчөлөрүнүн бири ири УКТнын мүчөлөрү катары, ал эми экинчиси башка кылмыштуу топко тиешеси бардыгы тууралуу ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

27-октябрь күнү ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы ИИМдин Тергөө кызматынын (Ош шаары) тергөөчүлөрү менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБдин атайын операциялар отрядынын  колдоосу менен коомго каршы аракеттерди жасоого шектелген бир нече жарандарды кармоо боюнча атайын операцияны жүргүзүшкөн.

Ыкчам-иш-чаралардын жүрүшүндө эки кылмыштуу топтун 6 мүчөсү кармалган.

Алардын төртөө бир кылмыштуу топтун, ал эми экөөсү башка кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушат.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген:

-1983-жылы туулган М.М., Жалал-Абад облусунун жашоочусу;

-1984-жылы туулган Т.М., УКТ активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

-1983-жылы туулган Б.Т., УКТ активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

-1974-жылы туулган Т.М., УКТ активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

-1990-жылы туулган С.М.,  кылмыштуу топтордун биринин  мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

-1989-жылы туулган Т.Р., кылмыштуу топтордун биринин  мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Кармалган жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары болушат.

Учурда жогорудагы фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: