Menu

Финпол: Салык төлөөдөн качкан Акылбек Жапаровдун компаниясы бюджетке 90 млн доллар зыян келтирген

Бөлүшүү:

Финполиция “МИС” ААК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Ата районундагы өнөр жай, соода жана айыл чарба багытындагы 30га жакын кыймылсыз мүлккө ээ болгон “МИС” ААК камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка социалдык төлөмдөр боюнча милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү, ошондой эле акыркы бир нече жыл ичинде нөлдүк көрсөткүчү менен салык отчетторун бергендиги аныкталды. Товардын ири жүгүртүлүшүнө карабастан, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири көлөмдө 90 миллион сом зыян келтирилген.

Маалыматтарга караганда, “МИС” ААКнын негизги акционерлери болуп 2 юридикалык жак саналат – оффшордук компания E.C.L. жана өлкөнүн Ж.А.Б. аттуу жараны, ал депутат Акылбек Жапаровдун жубайы.

Мындан тышкары, компетенттүү орган берген маалыматка ылайык, аталган ААК 2009-жылы айрым жогорку кызмат адамдарынын жардамы менен, Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы Өнүктүрүү Мамлекеттик Фондусунан үрөн тазалоочу заводду реконструкциялоо жана кант кызылчасынын уругун өстүрүү үчүн 200 миллион сом бюджеттик ссуда алган. Аны 2012-жылга чейин төлөп бериши керек болчу. Бирок, бул каражаттар максаттуу пайдаланылган эмес. Андан кийин, ал 2025-жылга чейин төлөө мөөнөтүн эки жолу узарткан жана чегерилген пайыздарды жана санкцияларды эсептен чыгарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: