“Биз дыйкандарга пайызсыз насыя берүү маселесин карайбыз”. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров “Регион” каналына берген маегинде билдирди.
«Азырынча насыялар боюнча маалымат келе элек. Жакынкы арада айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев менен жолугуп, ал жактан маалымат беребиз. Кийинки жылы биз маселени карайбыз, дыйкандар үчүн пайыздык чендерди төмөндөтүүгө же аларды пайызсыз кылууга аракет кылабыз. Дыйкандарга үстөк менен насыя берүү туура эмес, алар чыгымдарды эптеп жабышат», – деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, «Регион» телеканалындагы маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кызматын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин билдирген.
«Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча президент, президенттин милдетин аткаруучу шайлоого катыша албайт. Бирок мен президенттин милдетин аткаруу кызматын 14-ноябрга чейин өткөрүп берем. Кудай буюрса катышам», – деген Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ