Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот

Бөлүшүү:

“Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ал президенттик шайлоо убагында бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча берген убадасын эске салды.

“Азыр ушунун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бул долбоорлор боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Кытай жана Араб өлкөлөрү менен иштеп жатабыз. Мен таза суу проблемасын Сузак жергесинде да бар экенин билем. Район боюнча жалпысынан 30 пайыздан ашыгы таза суу менен камсыз болгон эмес. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот”, – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: