Menu

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «КАЗ Минералз Бозымчак» кенинин иши менен таанышты

Бөлүшүү:

КР Президентинин милдетин аткаруучу, ремьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ала-Бука районундагы «КАЗ Минералз Бозымчак» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты,
андан соң президенттин милдетин аткаруучу Ала-Бука районунун Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймактарынын эли менен жолугушту. Бул тууралуу 4-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров чек ара маселелерин чечүү, коррупцияга каршы күрөш жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берди.

Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, Өзбекстан Республикасы дагы чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар. Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКга кошуларын, эми чек ара маселеси менен атайын кызмат иш алып барарын кошумчалады.

Садыр Жапаров жер казынасын пайдалануу тармагы боюнча берилген суроолорго жооп берип жатып, бул тутумдун мамлекеттин экономикасында олуттуу орду бар экенин белгиледи.

«Бир эле мисал «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы боюнча маалымат менен бөлүшө кетейин.  Компаниянын божомолу боюнча, толук кандуу иштеп баштаганда бюджетке 63 млн доллар берип турат. Бул чоң сумма. Чаткал районуна 3 млн 570 миң доллар берүү милдетин алган. Мындан тышкары 20 млн доллар «Кыргыз алтын» дивиденд катары алат. Бул мамлекеттик ишкана. Менин пикиримде, мыйзамдуу иштеген компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпоо керек», – деди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр.

Жолугушууда жол маселеси дагы көтөрүлүп, бул боюнча Президенттин милдетин аткаруучу тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын конкреттүү тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: