Menu

УКМК: ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууганына карата тергөө иши башталды

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун тууганына байланыштуу окуя боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, 3-ноябрда, президенттин м.а. премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда Канназар Ыдырысов аттуу тургун Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаковдун бир тууган иниси Улук Өмүрзаков тарабынан кысымга алынгандыгы тууралуу айткан. Ошол эле күнү Канназар Ыдырысов айткан окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн УКМКнын Башкы башкармалыгына чакырылган.

4-ноябрда Канназар Ыдырысов УКМКга жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, Улук Өмүрзаков бир жылдай мурун “Жолчырак” ЖЧКнын көмүр кенин мыйзамсыз басып алганы (анын негиздөөчүлөрүнүн бири арыз ээси болгон), ошондой эле андан “доля” талап кылганын айтып, ага карата чара көрүүнү суранган. Бул факт маалымат журналына катталган.

Ошол эле учурда Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасына арыз ээсинин жүйөлөрү боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырды. Өз кезегинде, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жогорудагы фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш катталып, анын материалдары Ош шаардык ИИБне өткөрүлүп берилди.

Ошол эле учурда, Башкы прокурорго Улук Өмүрзаков прокуратуранын кызматкери экендиги жөнүндө маалымат жиберилген.

Эртең, 6-ноябрда Канназар Ыдырысов Улук Өмүрзаковдон өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө келип жаткан коркутуулар жөнүндө кошумча көрсөтмө берүү үчүн УКМКнын борбордук кеңсесине чакырылган. Учурда бул факт боюнча текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: