Кечээ, 5-ноябрь күнү Ош шаарында «2021-2026-жылдар аралыгында КРнын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы» жөнүндөгү долбоору талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, талкууга КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Зайырбек Эргешов, КМДБнын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы И. Мурзакулов, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек ажы Орунбаев катышкан.
Жыйында 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепцияны жыйынтыгы жана жаңы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын принциптери жана максаты, багыттары, аталган концепцияны ишке ашыруу талкууланган.
Иш-чаранын жүрүшү суроо-жооп форматында уланып, жыйында эксперттер, укук коргоо органдары, жарандык коомдун өкүлдөрү жаңы концепциянын кабыл алынышына карата бир катар сунуштарын беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ