Menu

Элчи Э.Бейшембиев пакистандык студенттерди Борбордук Азия аймагынын тарыхын тереңирээк билүүгө жана кыргыз тилин үйрөнүүгө үндөдү

Бөлүшүү:

2020-жылдын 4-ноябрында, КР Пакистандагы Элчилиги Гуджранваладагы эң ири келечектеги технологиялар “GIFT”Институтуна иш-сапары менен барып, “Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий-гуманитардык жана академиялык кызматташуу” деген темада эки тараптуу талкууга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Э.Бейшембиев негизги баяндамачы катары сүйлөп, өз сөзүндө Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы тыгыз тарыхый жана руханий байланыштарды белгилеп, алардын жаңылануусунун, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Институтта “Борбор Азиянын бурчун” ачуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле студенттердин алмашуу программаларын талкуулашты.

Кеңири аудитория үчүн Элчилик Кыргызстандын билим берүү, туризм жана инвестициялык потенциалы жөнүндө кеңири маалымат берип, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты бардык тармактарда кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 99

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: