Menu

Видео – Өмүрбек Текебаев финполдун начальниги Сыймык Жапыкеевдин үйүнө конокко барып, ашканасын видеотасмага тартып алган 

Бөлүшүү:

Өмүрбек Текебаев Сыймык Жапыкеевдин үйүнө конокко барып, анын батирин видеого тартып алган. Видеотасма Фейсбук баракчага жарыяланган.

Текебаев Сыймык Жапыкеев аны конокко чакырганын айтты.

“Бүгүн мен өзгөчө жерде турам. Анткени Сыймык Жапыкеев мени конокко чакырды, мен анын ардактуу ашканасындамын. Бул тарыхый жер. Октябрь революциясынын негизги штабдарынын бири деп атасак болот. Жапыкеев жалындуу сөздөрү менен элди көтөрүп, элдин көңүлүн тапты. (Бир катар митингдер жана октябрь айында Кыргызстандагы бийликтин алмашуусу жөнүндө сөз болуп жатат). Ушул ашканадан башталган иш тарыхый мааниге ээ болот деп айтсам эч ким ишенбейт эле”, – деди Текебаев.

Жапыкеев бул батирди кеңсе деп эсептей тургандыгын жана ал жерде көп учурда пикирлештер менен чогулушарын, үй-бүлөсү башка жакта жашаарын айтты.

Сыймык Жапыкеев ашканадан видео билдирүүлөрдү көп тартып, бул интернет-шоуну “Ашканада” деп атаган. Ал жерде түз эфирлерди өткөрүп, жарандарды биригүүгө жана коррупционерлерге каршы турууга үндөгөн. Ушундай түз эфирлер аны социалдык тармактарда популярдуу инсан кылды. Азыр ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын жетектейт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: