Түркмөнстандагы «Азатлык» радиосунун кабарчысы Солтан Ачилова өткөн дем алыш күндөрү ага белгисиз эки адам кол салганын билдирди. 69 жаштагы Ачилова буга чейин дагы бир канча жолу опузалоолорго кабылган.
Анын айтымында, окуя 9-июнда Йолотен шаарында болгон. Журналист ал шаарда жашаган туугандарынын үйүнөн коңшуларыныкына баратып артынан аңдып келаткан унааны байкаган. Кийин ал үйдөн чыкканда белгисиз эки киши анын жолун тороп, үйдү эмнеге сүрөткө тартканын түшүндүрүп берүүсүн талап кыла башташкан. Андан соң алардын бири кабарчыны төшкө уруп, ал жерге жыгылып калган.
Ошол эле күнү жергиликтүү полиция журналисттин туугандарынын унаасын тартып алып, аны Ачилова Ашхабадга кеткенде гана кайтарып бере тургандыктарын айтышкан.
Ачилова «Азатлык» радиосу үчүн материалдарды даярдап жаткандыктан, анын Йолотендеги туугандарына кысым көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ