Билим берүү жана илим министрлиги ар бир регион боюнча окуу процессин жеткиликтүү деңгээлде уюштурууну кароону сунуштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, “жашыл зонада” иштелип чыккан алгоритмди байкап, балдардын, мугалимдердин жана ата-энелердин ден-соолугуна коркунуч жок болсо, анда реалдуу режимде окуу керек. Ал эми студенттердин ден-соолугуна чындап коркунуч келтирилген “кызыл зонада” дистанттык окутууну уюштуруу керек.
«Ошондой эле, аралаш окутуунун форматы иштелип чыккан. Эгерде аралыктан гана узак убакыт окуй беришсе, анда бул билим сапатынын төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан, эгер пандемия созулуп кетсе, анда окутууну төмөнкүдөй уюштурууга болот: табигый так илимдерди оффлайн режиминде, ал эми гуманитардык багыттагы сабактарды онлайн режиминде окутуу керек», – деди Бейшеналиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ