Тинтүү иштери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөндүгү такталды. Анын Максим Бакиевге байланышкан коррупциялык схемага тиешеси бар экени белгилүү болду.
Буга чейин Финполиция коррупцияга шектелип, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы кармалганын маалымдаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы айрым адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык пайда көрүү максатында, өз байланыштарын пайдаланып, КРнын президентинин аппаратынын кызмат адамдары, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери тарабынан “Г.Э.” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалоо жолу менен М.Бакиевдин филиалдарына таандык мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ