Menu

Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштерине жардам берет

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер министри Максат Мамытканов Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты Олег Колесников менен биргеликте коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекеттик думанын депутаты, коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү Олег Колесников Россия Федерациясы КРнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштерине жардам берерин билдирди.

Ошондой эле ал белгилегендей, бул багыттагы макулдашылган иштин жыйынтыгында, анын катарында өкмөттөрдүн деңгээлиндеги жыйынтыктар жакынкы мезгилде көрүнөт.

Өз кезегинде Максат Мамытканов депутатка КРга сапар менен келүүсү үчүн ыраазычылык билдирди жана мындан ары карай жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Андан соң вице-премьер-министр жана Мамлекеттик думанын депутаты жалпыга маалымдоо каражаттарынын аталган темадагы суроолоруна жооп берди.

Жыйынтыгында депутат укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап жаткандыгын баса белгилеп, Максат Мамытканов бул жолугушууларга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: