Дүйшөмбүдө президент Бердымухаммедов аймактардын башчылары жана Ашхабаддын акими менен видеожыйын өткөрдү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.
Жыйындын жүрүшүндө өлкө башчысы Ашхабаддын акими Мураднияз Абиловго кайрылып, шаардын комплекстүү жайлуулугу жана анын инфрастуктурасын жакшыртууга байланышкан маселелерди тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды. «Борбор өлкөгө келген меймандарда эң жакшы таасирлерди калтырышы керек», — деди президент.
Андан сырткары мамлекет башчы Жаңы жылга карата базарлар менен дүкөндөр азык-түлүктүн көп түрдүүлүгү менен камсыз болушун талап кылды.
Күздүн башынан бери өлкө дүкөндөрүндө азык-түлүк, анын ичинде шекер менен май тартыштыгы байкалууда. Ал азыктарды жеке дүкөндөрдө мамлекеттик дүкөндөргө караганда 2-3 эсеге кымбат сатып алууга болот. Айрым маалыматтар боюнча, учурда мамлекеттик дүкөндөрдө азык-түлүк пайда боло баштады, бирок алар ченем менен сатылууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ