Menu

Элдик кабар: “Роза Отунбаева Максим Бакиевдин пансионатында эс алганбы?”

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылды август айынын башында убактылуу өкмөттүн мурдагы төрайымы Р.Отунбаева Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан «Меридиан» пансионатында эс алып жүргөнүнө күбө болгон жергиликтүү тургундардан редакциябызга кызыктуу кабар келип түштү.

Сөздүн өзөгүн Чубактын кунундай чубабай, ток этерин айтканда, аталган пансионат Максим Бакиевдин акчасына курулуп, анын жакынкы адамы, Жогорку Кеңештеги «Ак-Жол» фракциясынын мурдагы депутаты С.Ибрагимовго катталган экен. Бизге жеткен айрым маалыматтарга таянсак, Р.Отунбаева «Меридиан» пансионатынын аймагында курулган чоң коттедждердин бирине ээлик кылат. Тилекке каршы, бул коттедж качан жана кандай кырдаалда Роза айымдын менчигине өткөнү туурасында бизде маалымат жок, бирок, мындай жагдай көптөгөн суроолорду жаратпай койбойт.

Акыркы мезгилде коомчулук арасында Р. Отунбаеванын саясаттан оолактап калганы зйтылууда. Ө.Текебаев, С.Жапаров, «Элдик парламент» кыймылынын мүчөлөрүнүн соттук процесстери боюнча Роза айым өз позициясын так билдирген жок. Тек гана дипломатиялык тилге салып,
соттук системаны реформалоо зарылчылыгын билдирүү менен чектелип, журналистердин суроолорунан качууга болгон аракети менен эсте калды. Эми минтип, соттук чечимдер чыгып, «саясий эргулдар» алды 15 жылдап кесилип атканда, Роза айымдын М.Бакиевге тиешеси бар пансионатта эс алып жүргөнү эмнеден кабар берет? Р.Отунбаеванын саясаттан чарчаганынын белгисиби же «менин да былгылыктарым» чыгып калбасын деген аракетпи?..

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: