Жайыл райондук соту 48 жаштагы Х.В.ны адам өлтүрүү үчүн 12,5 жылга чейин эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Маалыматка ылайык, соттолуучу аялы менен элдештирүү үчүн келген досун атып салган.
Соттун жүрүшүндө Х.В. күнөөсүн мойнуна алган. Маалыматка ылайык, ал мас абалда болгон, бирок досун өлтүргүсү келген эмес.
«Айыпталуучунун айтымында, окуя болгон түнү ал арак ичип, уктап калып, ойгонгондо ызы-чууну баштаган. Ошол учурда анын досу үйгө келип, соттолуучу аны атып салган», – деп айтылат өкүмдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ