RFE/RL радиосунун ооган кызматынын журналисти Элиас Дайи жардыруудан каза болду. Окуя 12-ноябрда эртең менен өлкө түштүгүндөгү Гилменд провинциясынын борбору Лашкар Гах шаарында болгон.
Анда журналисттин автоунаасына жабыштырылган бомба жарылган. Гилменд провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Омер Звак кол салуудан дагы үч киши жарадар болгонун билдирди. Алардын арасында маркум журналисттин бир тууганы жана дагы бир бала бар. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок.
Дайи «Азади» радиосу деген аталыш менен таанылган «Эркин Европа/RFE/RL радиосунун ооган бюросунда иштеп келген. Аталган бюронун жетекчиси Сами Махди «Твиттердеги» баракчасына: «Менин кесиптешим жана досум Элиас Дайи бүгүн эртең менен террордук кол салуудан улам каза болду», деп жазды.
Махди маркум журналистти: «Ал чыныгы мырза болчу. Ар дайым өзүнө таандык жылмаюсу менен күлүп жүрчү эле. Бул абдан кайгылуу кабар. Элиас, сени дайым эстеп жүрөбүз», – деп эскерди.
My colleague and dear friend, Elyas Dayee, lost his life in a terrorist attack this morning in Lashkargah. He was gentleman. Always had signature smile. This is a terrible news. Elyas, you will be remembered dearly. pic.twitter.com/C2rf8Baw5S
— Sami Mahdi (@Samiullah_mahdi) November 12, 2020
Ооган президентинин расмий өкүлү Сиддик Сиддики кылмышты айыптап: «Ооганстандагы сөз эркиндигинин жана маалымат каражаттарынын душмандарынын колунан келди», – деп билдирди.
ترور الیاس داعی، خبرنگار رادیو آزادی در هلمند را محکوم میکنیم. الیاس داعی، صبح امروز، در نتیجهی ماین جا سازی شده بر موتر حاملاش، شهید شد. ضمن عرض تسلیت به خانوادهی داعی و جامعهی رسانهای افغانستان، بدون شک، ترور داعی کار دشمنان آزادی بیان و رسانهها در افغانستان است.
— Sediq Sediqqi (@SediqSediqqi) November 12, 2020
Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы 19 жылдык согушту токтотуш үчүн Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы менен Ооганстанда чабуулдар токтобой жатат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ