Menu

КРнын Юстиция министрлиги кандай гана болбосун судьядан отчет талап кылууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Бөлүшүү:

КРнын Юстиция министрлиги кандай гана болбосун судьядан отчет талап кылууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Юстиция министрлиги тарабынан КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 21-октябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында «КРнын судьяларынын статусу жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген.

Алсак, Конституциялык палата «КРнын судьяларынын статусу жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1- пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, Жогорку соттун Конституциялык палатасы Конституциянын көз карашынан алганда, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузгандыгы үчүн судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартууга болот деп тааныган, бирок мында конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчет талап кылууга, эгер бул аны жоопкерчиликке тартуу менен байланыштуу болсо да мүмкүн болбойт деп эсептейт.

Буга байланыштуу, мыйзам долбоору менен белгиленген конституциялык Мыйзамдын 12 – беренесинин 2 – болүгүндөгү «Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралган учурлардан тышкары» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.

Бүгүнкү күндө, аталган мыйзам долбоору белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары менен макулдашууга жиберилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: