Menu

БШК президенттикке талапкерлердин документтерин текшере баштады

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 14-ноябрь 24:00дө президенттик шайлоого катышууну каалагандардан арыздарды кабыл алуунун токтотту.

Жалпысынан 65 талапкер азыр жазып кайрылышкан, бирок кийинчерээк саясат таануучу Бакыт Бакетаев жана “Элдик” кѳп тармактуу ишкананын башчысы Жыпаркул Тургуналиев арыздарын кайтарып алышты.

БШКнын айтымында, жаран шайлоого катышарын билдирип, арызын бергенден тартып, төрт календардык күндүн ичинде Баш мыйзамдын талаптарына шайкештиги текшерилет.

Эгерде талапкер тарабынан берилген документтердин бири так болбосо же толук болбосо, анда БШК аны алгандан кийин 24 сааттын ичинде ага кабарлайт. Каталарды оңдоого же документтерди толуктоого арыз ээсине 48 саат убакыт берилет.

Алдын ала текшерүүдөн кийин талапкер документтердин топтомун 7-декабрга чейин тапшырышы керектиги көрсөтүлгөн. Ал эми 3-декабрга чейин 1 миллион сом күрөө төлөшү жана 30 миң кол коюлган кол тизмелерди тапшырышы керек. БШКга алардын ишенимдүүлүгүн текшерүү үчүн сегиз календардык күн берилет.

БШК талапкерлерди 15-декабрга чейин каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде талапкер тиешелүү күбөлүктү алат. Эгерде аны каттоодон баш тартылса, анда бул жөнүндө БШК чечим кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде билдирилиши керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: