Санкт-Петербург шаарында 31 жаштагы кыргыз жараны башкарып келе жаткан “Киа Рио” үлгүсүндөгү унаага ок атылды. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 14-ноябрда эртең менен саат 11:00 чамасында Выборг трассасында болгон. Жол чырынын натыйжасында, “ГАЗели” унаасынын айдоочусу “Киа Рио” унаасы тарапка төрт жолу ок чыгарган. Бир ок унаага тийген.
Милиция тараптан бир сааттан кийин ок аткан адам көчөлөрдүн биринде кармалган. “ГАЗели” унаасынын айдоочусу Азербайжандын тургуну болгон. Андан травматикалык тапанча алынган.
Бул факт боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ