“Эгер Белизден келди деген документтер жасалма болуп чыкса албетте Сегизбаев жазаланат жана жумушунан кетет”, – деп жооп берди журналисттердин суроосуна Алмаз Атамбаев бүгүн, 1-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында.
14-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып, оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын сатууга аракеттенген деген маалымат тараткан.
Булак: “Азаттык”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ