Menu

Санариптик көрсөтүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн укуктук шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарга) 2-окууда каралды. Бул туурасында КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы Марат Аманкулов баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун максаты санариптик көрсөтүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү, кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө жана алардын атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк бере турган жаңы технологияларды эске алуу менен санариптик берүү рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу ченемдик укуктук базаны түзүү, телекоммуникация тармагында узак мөөнөттүү бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөр радиожыштык спектрин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Ошондой эле сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдонуу чөйрөсүн так аныктоо максатын көздөйт, бул Кыргыз Республикасында санариптик телекөрсөтүүнүн өнүгүшүн олуттуу тездетишине мүмкүндүк берет. Андан тышкары, мыйзамда телерадиоберүү системасынын субьектилерин так чектөө сунушталууда, бул алардын ишмердигин, ошондой эле жоопкерчилигин аныктоого мүмкүндүк берет. Демилгеленип жаткан бул өзгөртүүлөр телерадио уюмдарына улуттук аудиовизуалдуу продукцияларды чыгарган студия-өндүрүүчүлөргө, өз кезегинде жаңы индустриянын өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө – көз карандысыз продакшн-студиялар даярдаган ата-мекендик өндүрүштөгү программа жана берүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келет.

Талкууда мыйзам долбоорунун 32-беренеси боюнча бир катар пикирлер айтылды. Аталган беренеде социалдык пакеттин алкагында чет өлкөлүк телеканалдардын санариптик берүүлөрүн алып көрсөтүү, теле радио уюмдарынын ошол телеканалдардан күн сайын эфирде чет өлкөлүк телеканалдардын айрым берүүлөрүн алып көрсөтүү учурларын кошпогондо чет өлкөлүк телеканалдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк телеканалдардын продукцияларын алып көрсөтүп жаткан телеканалдарда жарнактарга тыюу салынаары белгиленген.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: