Menu

Кашкар Жунушалиев катышкан Москвадагы концерт 2019-жылы болгон. Учурда анын кайда экени белгисиз

Бөлүшүү:

Кашкар Жунушалиев катышкан Россия Федерациясынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган концерт 2019-жылы өткөн. Бул тууралуу Биринчи каналдын сайтында көрсөтүлгөн.

Бул жылы телеканал былтыркы концертти кайталап көрсөткөнү такталды. Коронавируска байланыштуу быйыл жаңы концерт болгон эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин “Компромат” телеграмм каналында КР Ички иштер министрлигинин мурунку башчысы Кашкар Жунушалиев Москвада өткөн концертте отурган сүрөтү жарыяланган. Скриншотто концерт 2020-жылы 15-ноябрда өткөнү көрсөтүлгөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкектеги башаламандыктан кийин кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин экс-жетекчилери Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиев кызмат ордун таштап, качып кетишти. Алар издөөгө алынганын Садыр Жапаров эл менен жолукканда айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: