Бүгүн, 16-ноябрь, Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Экс-президент 62 жашка толду.
Сооронбай Жээнбеков бул күндү үй-бүлөсү менен белгилечү. Бүгүн мурдагы жылдардагыдай эле бул күндү да жакындары менен өткөрөт.
Мурунку мамлекет башчынын бүгүнкү туулган күнүн социалдык тармактын колдонуучулары дагы эстешти. Алар экс-президентке каалоо-тилектерин айтышты.
Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Сооронбай Жээнбековдун эки бир тууганын коомчулук жакшы билет. Анын бири — Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Асылбек Жээнбеков жана Жусупбек Шарипов. Жээнбековдун бири кызы жана бир уулу бар. Кызы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин келини.
Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги башаламандыктан улам 16-октябрда кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча ал экс-президент статусун алган. Анын милдети премьер-министр Садыр Жапаровго өткөн. Ал эми Садыр Жапаров кызматын тапшырып, президенттикке талапкерлигин койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ