Menu

Тажикстан: жубайлар кызынын тоюна бир ай калганда өз жандарын кыйышты

Бөлүшүү:

Тажикстандын Канибадам шаарында жубайлардын өз жанын кыюусу иликтенүүдө. Алар кызынын тоюна бир ай калганда өмүрлөрүнө кол салышканы айтылууда.

Жергиликтүү прокурадагы өз булактар билдиришкендей, Пулодон айылынын тургуну Муроджон Ганиев 14-июлга оогон түнү өз үйүндө асынып алган. «14-июль эртең менен болсо анын жубайы Шоирахон Ганиева менен 19 жаштагы кызы сууга боюн таштоо максатында такси менен Фергана каналына барышкан. Жакын жерде турган такси айдоочусу кызды гана куткарып калууга жетишкен», — деп билдирди булак. Ал кошумчалагандай, Муроджон Ганиев менен Шоирахон Ганиева 42 жашта болчу.

Прокуратура жубайлардын өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады. Азырынча алардын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Такси айдоочусу тарабынан куткарылган кыздын учурда суроолорго жооп берүүгө алы жок экени айтылууда.

Жубайлардын сөөгү бүгүн 16-июлда жерге берилди. «Менин билишимче, Муроджон менен Шоирахон 13-августта боло турган кызынын тоюна даярданып жатышкан. Болочоктогу күйөө баласы Орусияда иштеп жүргөн», — деди алардын коңшуларынын бири.

Ал ортодо жергиликтүү журналист Махмуди Ашурмахмад «Фейсбук» баракчасына жубайлар кызы медициналык текшерүүнүн жыйынтыгын алгандан кийин өз жандарын кыйганын жазды. Анын айтымында, текшерүү кыздын «кыздык белгиси» жок экенин көрсөткөн.

Тажикстанда никеге турууну каалагандар медициналык текшерүүдөн өтүп, ЗАГСка саламаттыгынын абалы тууралуу маалымат бериши керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: