АКШнын президенти Дональд Трамп калкты коронавируска каршы эмдөө иштери кийинки жылы апрелде баштала турганын билдирди.
Демократиялык партиядан талапкер Жо Байден да президенттик шайлоодо жеңишке жеткени кабарлангандан кийин алгачкы жолу вакцина ойлоп чыгуудагы ийгиликтер жөнүндө айтты.
Өткөн жумада АКШнын Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниялары биргелешип өндүрүп жаткан вакцина сыноонун үчүнчү баскычында 90 пайыздык натыйжалуулукту көрсөткөнү кабарланган. Ушул аптада Moderna деген дагы бир америкалык компания да өз вакцинасы натыйжалуу экенин жарыялайт деп күтүлүүдө.
Трамп жакында Pfizer вакциналарын колдонууга расмий түрдө уруксат бериле турганын билдирди.
Ак үйдүн вакцина өндүрүү программасынын жетекчиси Монсеф Слауи АКШда жыл соңуна чейин коронавируска каршы эки вакцина расмий жактырылышы мүмкүн экенин кабарлады.
Анын айтымында, кийинки айда медицина кызматкерлерине жана калкка 20 миллион даана вакцина таратылат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ