Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасында айдоочулар иш ташташты.
Алар Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаковду кызматтан кетирүүнү талап кылышууда.
“Ал бул кызматка келери менен автобазада иш токтоп калган. Баары артка кетти”, – дейт бригадир Канат Кожогелдиев. Ошондой эле ал эмгек акыны аз төлөп жаткандыгын айтты.
«Биз УКМКга, мэрияга, Жогорку Кеңешке кайрылдык, бирок жыйынтык жок», – деди Кожогелдиев.
№8 автобустун айдоочусунун айтымында, карантин жарыяланган учурда пандемия менен күрөшүүдө автобазанын айдоочулары дагы жардам беришкен. Алар бул ишканага кесипкөй адистин келишин талап кылышат.
Иш таштагандар директорду кызматтан кетиришпесе, эртең жумушка чыкпайбыз деп билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ