Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 17-ноябрда, өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТИМ башчысы өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча иштер, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо маселелери тууралуу маалымат берди.

Президенттин милдетин аткаруучу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки жакка тең пайдалуу жана иштиктүү байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү үчүн тышкы саясатты мындан ары натыйжалуу жүргүзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Талант Мамытов Тышкы иштер министрлигинин алдына өлкөнүн тышкы саясий курсун мындан ары ишке ашырууга багытталган бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: