Алгач айдоочулар Койчубаковдун иш бөлмөсүнө кирип барып, андан кызматтан кетишин талап кылышкан. Ушул учурда айдоочуларга Сатыбалды Хакимов чыкты. бирок митингчилер аны угушкусу келген жок.
Айдоочулардын бири Хакимовду башы менен бир сүзгөнгө жетишти. Хакимов аны жооп кылып бир уруп каллы. Башка айдоочулар кесиптешине болушуп, башкармалыктын башчысын кармап калышты.
Андан кийин айдоочулардын бир бөлүгү иш бөлмөдөн чыгып кетишти.
Белгилей кетсек, буга чейин айдоочулар Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын директору кызматынан бошотулбаса, эртең алар жумушка чыгуудан баш тартышарын билдиришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ