“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн жаркыраган фотосессия уюштурулду.
“Бул сулуулар кайда иштешет? Ооба, ооба! Булар биздин “Тазалык “муниципалдык ишканасынын сүйкүмдүү жана сулуу тазалыкчылары. Күн сайын эртең менен, кандай гана аба ырайы болбосун, алар шаарыбызды таза жана жаркын кылып көрсөтүшөт. Ишкананын директору Рыспек Сарпашев бул челленджди колдоп берди”, – деди шаардык мэрия.
Ошондой эле, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын Фейсбук баракчасында мындай билдирүү жазылган.
“Кээде, таптакыр башка адам болуш үчүн, кийимин алмаштырып коюу жетиштүү. Дагы бир жолу тажрыйба жүргүзүп, өзүбүздү башкача көрүнүштө көрсөтүүнү чечтик. Бул жагынан жардам бергендерге ыраазчылык билдиребиз”.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ