Бийлик 10-январдагы референдумду тездетүүгө аракет кылып жатат, анткени жаз айларында өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга элдин нааразычылыгы күчөйт. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев бүгүн, 19-ноябрда өзүнүн Telegram каналында бөлүштү.
Ал Кыргызстанда референдум 4 жыл турун өткөнүн, анда 67 миллион сом сарпталганын айтты. Жаңы мыйзам боюнча 10-январда өтө турган референдумда ал каражатты 60 миллионго чейин кыскартуу мүмкүн болорун, бирок бул сумма кризистен өтүп жаткан өлкөнүн бюджети үчүн өтө чоң акча экенин белгиледи.
“Мен бул референдумду эмне үчүн азыр өткөргүсү келгенин түшүнөм – анткени кийинчерээк ал популярдуу болбой калат. Жаздын келиши менен адамдар нааразычылыгын билдиришет, көпчүлүктө кошумча киреше болбойт, кризис.. мунун баары топтолуп, жада калса Садыр Жапаровдун тарапташтары да тамак-аш талап кыла баштайт. Ал эми аны кайдан алуу белгисиз болот. Мен тамак-аш деп түз мааниде эмес, шарттуу түрдө айтып жатам, а жалпысынан сөз киреше тууралуу. Нааразычылык болот, андан кийин референдум өткөрүү кыйынга турат. Ошондуктан, азыр жасалып жатат”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ