2017-жылдын 31-июлунда саат 14:01 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Жийделик айылындагы Хаким-Ажы көчөсүндө турак үйлөрдө өрт чыккандыгы боюнча кабар түшкөн. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, тутанган жалынды өчүрүү үчүн өрт өчүрүүчү унаалар 14:06 да жерине жетип барган.Жалынды өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылган.
Өрттүн кесепетинен катар жайланышкан 3 турак үй күйүп саат 15:09 да өрт чектөөгө алынып, 16:21де толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Азыр өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ