Menu

Видео – Киши өлтүрүү фактысы боюнча он үч жылдан бери издөөдө жүргөн жаран ИИМдин РФдагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен кармалды

Бөлүшүү:

Киши өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19 ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз мекенинде кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жана Россиянын аймагында жашынып жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иштери улантылууда.

КРнын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргызстандын ички иштер органдары издөөгө алган жаран Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөндүгүн аныкташкан. Жалал-Абад облусунун тургуну, 1988-жылы туулган С.Т. аттуу жаран киши өлтүргөндүгү үчүн он үч жылдан бери издөөдө жүргөн.

Эскерте кетсек, 2007-жылдын 9-октябрында Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө белгисиз адамдар ээнбаштык ниетинен улам жергиликтүү тургун С.А.ны сабап, денесине оор залал келтиришкен. Натыйжада жабырлануучунун саламаттыгына оор зыян келтирилип, окуя болгон жерде көз жумган.

Бул факт боюнча 2007-жылдын октябрь айында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси “Адам өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон (1997-жылы редакцияланган). Шектүү катары эсептелген 1988-жылы туулган жаран С.Т. карата 2008-жылы мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

КРнын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин издөөдө жүргөн шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоого багытталган бирдиктүү иши 2020-жылдын октябрь айынын башынан бери жүргүзүлүп келген.

17-ноябрында болжол менен саат 21:00 чамасында Россиянын ИИМнин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Зеленоград административдик району боюнча ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Москва шаарында изделип жаткан жаран С.Т. кармалган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жаран он үч жыл жакын туугандарынын жанында жашап жүргөндүгү белгилүү болду.

Азыркы учурда издөөгө алган тарап кабарланып, изделип жаткан 1988-жылы туулган жаран С.Т. Москва шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Компетенттүү органдар тарабынан 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: