Menu

Бишкек дүйнөдөгү абанын булганышы боюнча төртүнчү орунду ээледи

Бөлүшүү:

Дүйнөнүн бардык ири шаарларын камтыган Дүйнөлүк аба сапатынын рейтингинде Бишкек төртүнчү орунду ээледи.

Шаардын учурдагы абалы “эң булганган”, демек, абанын булганышынын өмүргө коркунуч туудурган эң жогорку деңгээлин билдирет жана бет кап кийип көчөгө чыгуу сунушталат, ошондой эле сыртта спорт менен машыгуу сунушталбайт.

Абанын кирдеши боюнча бул рейтингде Лахор (Пакистан) биринчи орунда, Дакка (Бангладеш) экинчи, Дели (Индия) үчүнчү орунда.

Бул рейтингге ылайык, 20-ноябрда саат 10:30да Бишкек шаарында абанын булганышынын көрсөткүчү 258 (AQI), ал эми PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн концентрациясынын өлчөөсү 155,8 мкг / м³ түздү.

Мындан тышкары, Бишкекте орнотулган “MuvGreen” экологиялык кыймыл сенсорлорунун көрсөткүчтөрүнө ылайык, эки аймакта абанын булгануу деңгээли ашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: