“Садыр мырзанын командасынын эч нерсеге алы келбей калды деп ойлойм. Кокусунан түшкөн бакыттан баштары айланып калдыбы деген ой келет. Эмне кыларын билбей, акырында чүргө салган Конституцияны алып чыкканы, бул чынында коомго уят эле иш болду. Ага кошулуп алган балык ооз, чимкирик депутаттардын колу менен бул таптакыр эле шерменде болду десем жаңылбайм” – деп билдирди бүгүн, 20-ноябрда президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” форумунун жыйынында.
“Бизди эл аралык коомчулук тааныбай калды деген көйгөй бар. Бир кылдын учунда турабыз. Жакынкы чет өлкөлөр колдоп жатат, бирок биз ушундай жол менен кетсек, анда биз бүткүл дүйнөгө уят болобуз. Ошондо кошуна өлкөлөр да бизден баш тартышат” – деди ал.
“Өзүңөрдүн Конституцияңарда силер же президенттик, же парламентаризм экенин билбей, башыңар айланып калды. Бир башына курултай деп азасыңар, бир жагынан президенттикти сүйрөп баратасыңар. Өзүңөр билбеген Конституцияны элге таңуулабагыла” – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ