Азык-түлүктүн кескин жетишсиздигине жол бербөө жана анын ичинде республиканын калкынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында КРдан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирликтин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө КРнын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Белгилесек, аталган чечим өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынган.
Чечимге ылайык, көрсөтүлгөн тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизилет жана реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык продукцияларга жайылтылбайт.
Аталган тыюу салуу ири жана майда мал-жандыктарга, үй канаттууларына, дан эгиндерине, кумшекерге жана башка айыл чарба продукцияларына тиешелүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому ушул жылдын 19-ноябрында күчүнө кирди (толук текст менен төмөнкү тиркемеден тааныша аласыз).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ