Menu

Акылбек Жапаров Конституциянын жаңы долбоору президенттик аппаратта иштелип чыккандыгын тастыктады

Бөлүшүү:

“Баш мыйзамдын долбоорун президенттик администрациянын, өкмөттүн жана Юстиция министрлигинин юристтери иштеп чыккан” – деп билдирди бүгүн, 20-ноябрда Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. 

“Бирок башында Садыр Нургожоевич өзүнүн ой-пикирин айткан. Ошол ой-пикирлер бул Конституцияда бар: аткаруу бийлигинин башында президент болсун, сот бийлигин көзкарандысыз кыла деген аракеттер, депутаттардын санын 120дан 90го азайтуу, анын 35и жергиликтүү шайлоолордон өтсүн, 55и партиялык тизме менен өтсүн деген сунуштар” – деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга 17-ноябрда коюлган. Жарыялангандан кийин коомчулукта нааразычылыктар пайда болду. Жаңы долбоорга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейип, ал аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алынат. Мамлекеттик башкарууга “Элдик курултай” деген жаңы институт киргизилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: