Көк-Жаңгак шаарынын мэри Уларбек Исмаилов коронавирус илдетине чалдыкты. Бул тууралу шаардык активист Максат Темирбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жарыялаган.
“Көк-Жаңгак шаарынын мэрине да илдет жетти. Шаар тургундары өзүңүздөр билгендей COVID-19 пандемиясы башталгандан бери биздин мэр биринчи катарда туруп күрөшту баштады. Күн десе күн, түн десе түн дебеди. Биз да караны кара, акты ак дечү убакыт келди. Жаны тынбады бир жагынан вирус бир жагынан, шаарды куруу иши моюнунда болду. Балким үй-бүлөсүнө да жетишерлик көңүл бура албай жатты. Мен бул нерселерди айтканым ар бир ишинде жанында жүрдүм, көрдүм, уктум, ойлодум. Бүгүн шаардын элинин ден-соолугу биринчи кезекте деп какшап жүрүп, өзүнүн ден-соолугун унутуп койду көрүнөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ