Menu

Президенттик шайлоо: Дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 45 шайлоо участкасы ачылат

Бөлүшүү:

2021-жылдын 10-январындагы кезексиз президенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участкалары ачылат. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду.

Такталгандай, шайлоо участкалары 28 мамлекетте ачылат. Алардын көпчүлүгү Россияда (12 участок) ачылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Россия Федерациясында кошумча УШКлар пайда болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Чет жакта жашаган же шайлоо күнү республиканын чегинен тышкары жакта жүргөн кыргызстандыктар гана №2 форма боюнча добуш бере алышат деп белгиленген. №2 форма боюнча арыздар 29-декабрга чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда №2 форма жокко чыгарылгандыгына байланыштуу шайлоочулар жашаган жери боюнча гана добуш бере алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: