Menu

Кыргыз Республикасынын аймактарына 21-25 ноябрларга чейин күтүлгөн аба-ырайы

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын аймактарына 21-25 ноябрларга чейин күтүлгөн аба-ырайы. Маалымат Кыргызгидромет тарабынан таркатылды.

21-25-ноябрларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз, 23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

23-ноябрда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-22-ноябрларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда  кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

21-ноябрда Бишкек шаарында күтүлгөн атмосфералык абанын булгануусунун болжолу

21-ноябрда аба бассейнинде зыяндуу заттардын таркалышына тоскоолдук алып келе турган чектелген жагымсыз метеорологиялык шарттар түзүлүп, абада зыяндуу заттардын концентрациясынын орточо суткалык кармалышы көтөрүнкү деңгээлде (чектүү деӊгээл концентрациясынан 1,1-10,0 эсеге жогору)болушу күтүлөт.

21-25-ноябрларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз кар жаашы мүмкүн.

23-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

23-ноябрда күндүз жана  24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

21-25-ноябрларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында  күтүлгөн аба-ырайы

21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз, 23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

23-ноябрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда,  Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-22-ноябрларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда  кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-ноябрда Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

21-25-ноябрларда Ысык-Көл облусунда  күтүлгөн аба-ырайы

21-22-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

25-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда  кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-25-ноябрларда  Каракол  жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы

21-22-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-25-ноябрларда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда  кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-27-ноябрларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

26-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.  Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: