“2012-жылы Кумтөр маселесин көтөруп чыктым. 4 ай изилдеп, парламентке токтомдун долбоорун алып чыктым. Ошондо акыркы күнү добуш берер күнү Текебаев бүт командасы менен добуш бербей чыгып кетип калган. Залда 4 эле депутаты калып добуш берген. Анын экөөсү мени менен чогуу барып комиссияда иштеген болчу, алардын добуш бербеске айласы жок болчу” – деп билдирди КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаров түндө жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып.
“Эгер Текебаев колдоп койгондо өтүп кетмек. Андан кийин 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда, трибунага чыгып алып “Кумтөрдү” улутташтырышыбыз керек” деп бакырып жатат. Эки жыл мурун эмнеге добуш бербей койду анда? Бул деген арам ойлук саясат болгон” – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ