Menu

Өзбекстанда газ жарылып, ата-бала каза болду

Бөлүшүү:

Газ жарылган үй

Ташкент облусунун Кибрай районунда ата-баланын өмүрүн алып кеткен жарылуу газ түтүгүнүн сапатсыз орнотулганынан улам келип чыккан. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

«Ташкент облустук прокуратурасы үйгө кире турган түтүк жогорку басымдагы газ бөлүштүрүү курулмасына сапатсыз туташтырылганын аныктады. Ал жерден газ сызылып чыгып, үйдүн жертөлөөсүнө топтоло берген. Жыйынтыгында жарылуу болгон», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ташкент облустук прокуратурасы «Курулуш же жарылууга кооптуу заттарга байланышы бар иштерди аткаруудагы эреже бузуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин Ташкент облусунун Кибрай районунда газдын жарылуусунан эки киши — ата-бала каза болгону кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: