Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, криминалдык чөйрөдө “Чач” деген каймана аты менен белгилүү Эрнис Мурзахмедов тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
“22-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Эрнис Мурзахмедов 20-ноябрда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) ишмердүүлүгүн аныктап, жоюу багытында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында кармалган.
Такталган боюнча, Э.М. буга чейин 2015-жылы Беларусь Республикасында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Кармалган адам Кыргызстандын аймагында бир катар кылмыштарды кылган деп шектелип келүүдө, тактап айтканда Жалал-Абад областындагы атышууларга жана башка резонанстуу криминалдык талашдардын фактыларына тиешеси бар.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ