Menu

16 жаштагы кош бойлуу кыздын өлүмү: Жигиттин туугандары аны суицидге жеткирген деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Баланын туугандары каза болгон 16 жаштагы кызды өзүнө кол салууга жеткиришкен деп шектелүүдө. Бул тууралуу журналисттерге маркумдун энесинин жактоочусу Назгүл Сүйүмбаева билдирди.

Анын айтымында, “Өз өмүрүнө кол салууга жеткирүү” беренесинин негизинде билдирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Ош облусунда кош бойлуу 16 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салган. Адвокаттын айтымында, кыз бойго жеткен жигит менен таанышып, кош бойлуу болуп калган. Жигит жана анын туугандары муну билгенден кийин, кызды аборт кылууга мажбурлашкан. Натыйжада, 25-августта кыз үйдөн чыгып кетип, 16-сентябрда анын сөөгү Кара-Суу районундагы суу сактагычтан табылган. Ошол учурда, ал кош бойлуулуктун экинчи айында эле. Натыйжада жаш жигитке кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: