Menu

Кайрат Примбердиев: “Кудайга шүгүр, операция ийгиликтүү өттү! Эля палатага которулду”

Бөлүшүү:

Ырчы Кайрат Примбердиев жубайы Элвира Бегалиеванын операциясы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу ырчы мырза кечээ Твиттердеги баракчасында жазды.

“Кудайга шүгүр, операция ийгиликтүү өттү! Палатага которулду. Элянын маанайы мыкты. Жакшы тилектериңиз үчүн баарыңыздарга рахмат!” – деп жазган ырчы.

Эскерте кетсек, 20-ноябрда Элвира Бегалиеваны унаа сүзүп кеткенин айткан. Окуя Медеров жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анын айтымында, эки тарап тең күнөөлүү. Анткени, айдоочу эки тилкени кесип өткөн, ал эми Элвира Бегалиева жолдон өтүүгө уруксаат берилбеген жерден өткөн.

Кайрат Примбердиев кошумчалагандай, бир нече айдан кийин Элвирага дагы бир жолу операция жасалат. Үй-бүлөнүн айдоочуга эч кандай дооматы жок, ал жабыркаган тарапка жардам берип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: