Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр тарабынан КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Солтонбекова Ализа Карыпбековнаны дайындоо тууралуу сунушу каралып, жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Ализа Солтонбекованын талапкерлиги алгач Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде, ошондой эле Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде да каралып, колдоо тапкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ