Menu

Азиз Батукаевдин иши: Аида Салянова ага карата ким каршы көрсөтмө бергенин айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Сот аталган кылмыш ишиндей айыпталуучу болуп өтүп жаткан Аида Салянованы суракка алууга өттү. Сот отурумунун жүрүшүндө Аида Салянова ошол кездеги Нарындын атайын прокурору Майрамбек Акматалиевден башка бир дагы күбө ага каршы көрсөтмө бербегендигин айтты.

Бул иш боюнча 24 сурак протоколу бар, ага ылайык Аида Салянованын күнөөсү далилденген.

Айыпталуучунун айтымында, бул документтер иш материалдарды жасалма толтуруу үчүн тиркелген.

«Акматалиев бир нече жолу көрсөтмө берди. Биринчи суракта ал мен жөнүндө бир дагы сөз айткан жок. Ошол эле күнү ал кармалган, андан кийин ал мага каршы көрсөтмө бере баштаган. Ал эркиндикке чыгуу үчүн ушундай кылды деп ишенем», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: